Толковый словарь кыргызского языка. 2015
бур II этишинин туюк мамилеси. Дайралардан далай канал таралып, Гүлсүз чөлдү гүлдөтүүгө бурулган (Калык). 2. Кайрылып кароо же багытын өзгөртүп кайрылуу. – Ой аттиң ай!.. деп, Шамбет артына бурулуп, көзүн сүрттү (Сыдыкбеков). Аңгыча болбой машина колоттуу сайды көздөй бурулду (Сасыкбаев). 3. өңү өчүү, башка түргө өтүү, өзгөрүү. Кызыл жүзү бурулуп, Кыз кубарбас болсочу! (Токтогул). Бурулган бузук сөзү бар, Жалаңкычтын өзү бар, Төштүк («Эр Төштүк»).